Жайыл районунда адам өлтүрүүгө шектелип 46 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2016-жылдын 31-майында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен 36 жаштагы Б.С. аттуу тургундун жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү 46 жаштагы К.Р. кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.