Бүгүн, 21-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Япониянын Окинава аралы нааразычылык акцияларынын чордонуна айланды. Бул аймакта жашаган 65 миңдей жаран аралда жайгашкан АКШнын аскердик базасын чыгаруу талабы менен митингге чыгып, бийликке талап коюуда. Чет элдик маалымат булактарына таянсак, массалык нааразычылык япониялык 20 жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшүнөн улам чыкты. Бул кылмышка америкалык аскер кызматкери шектелүүдө. Аймакка 30 күндүк коменданттык саат киргизилип, спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынды. Япония бийлиги америкалык базаны башка аймакка көчүрүүнү сунуштап, бирок митингчилер анын биротоло өлкөдөн чыгарылышын талап кылышууда. АКШ менен Япония аскердик багытта бир уюмдун мүчөлөрү эмес, бирок экономикалык жактан көп жылдык өнөктөштөр. Япония АКШнын экинчи ири насыялык өнөктөшү болуп эсептелет. Мисалы, 2016-жылга карата АКШнын Японияга мамлекеттик карызы 1,1 триллион долларды түздү.
Бул окуяга окшош чырды Кыргыз Республикасы да башынан өткөргөн. 2001-жылы Ооганстандагы аскердик операцияларга көмөктөшүү максатында Бишкектеги Эл аралык “Манас” аэропортунун аймагына АКШнын "Ганси" аскердик базасы жайгаштырылган. Башында базада ооган операциясына катышкан бир катар өлкөлөрдүн аскерлери жана техникалары жайгашса, убакыттын өтүшү менен базада АКШнын аскердик аба күчтөрү негизги күчкө айланган. 2006-жылдын 6-декабрында АКШнын аскердик базасында иштеген Закари Хэтфилд “Манаста” күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Ивановду атып салган. Кыргыз мамлекетинин тийиштүү органдары аталган факт боюнча кылмыш ишин козгоп, аны айыптаганы менен, жоопко тарта алышкан эмес. Аскер кызматкери окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши токтотулган. Бул окуядан кийин АКШнын аскердик базасын өлкөдөн чыгаруу талабы менен нааразычылык акциялары өткөн. Ошол кездеги оппозициянын бийликке талаптарына да бул нерсе кошулган. 2009-жылы президент Курманбек Бакиев америкалык база жабыларын жарыялап, бирок АКШ менен сүйлөшүүлөрдөн кийин анын “аскердик” аталышы “транзиттик” деген статуска гана өзгөртүү менен токтогон. “Манас” транзиттик жүк ташуу борбору” деп жаңыча аталган борбор 2014-жылга чейин ишин улантып, учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бекем эркинен гана өлкөдөн чыгарылды.
Белгилеп коюучу жагдай... Орусия өкмөтү 2012-жылы Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу боюнча кыргыз өкмөтү менен келишим түзгөн. Бирок долбоорду жүзөгө ашырууну создуктуруп отуруп, АКШнын базасы өлкөдөн чыгарылгандан кийин Орусия ГЭС куруу милдетин аткарбай койду. 2016-жылдын январында кыргыз мамлекети келишимден өз демилгеси менен бир тараптуу чыгып, эми бул долбоорду жүзөгө ашырууга инвестор издеп жаткан маалы.
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиева менен жолугушту. Балдардын саламаттыгына кам көрүү боюнча бөлүм башчынын маалыматын уккан президент кыргыз медицинасына жардам берүүнү кеңейтип, оор абалдагы балдардын дарылануусуна шарт түзүүгө мамлекет милдеттүү экенин айтты. Өлкө жетекчиси аталган борборго 2 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул мамлекет башчы тарабынан көрсөтүлгөн биринчи жардам эмес. Быйыл 1-Июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө президент аталган бөлүмдө болуп, дарыланып жаткан балдардын абалы менен таанышкан. Анда 5 миллион сомдук сертификат тапшырган эле. Мамлекеттин күчү - дени сак коом. Бүгүнкү ооруп жаткан балдар эртең мамлекеттин бир бурчун тиреген түркүккө айланат деген үмүт өчпөшү керек.
Жергебиздеги авиакомпаниялар быйыл да Европа биримдигинин “кара тизмесине” илинди. 2016-жылы өлкөнүн 13 авиакомпаниясы аталган тизмеге кирип, “техникалык коопсуздук талаптарына жооп бербейт” деген корутунду менен Европа мамлекеттерине учууга тыюу салынды. Бүгүн, 21-июнда маалымат жыйын берген Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Эрмек Өмүралиев ата мекендик авиакомпанияларды 2018-жылга чейин аталган тизмеден чыгарууга аракет кылышарын айтты. "Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу үчүн авиакомпаниялар Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудиттеринен, Эл аралык авиациянын текшерүүсүнөн өтүүсү зарыл. Анда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн керектүү иш-чаралар жасалып жатабы, эл аралык стандарттарга жооп береби деген маселелер каралат”, - дейт Өмүралиев.
Авиакомпаниялар чектөөдө турганы менен, кыргыз учкучу Союзбек Салиев учак менен Жер шарын айланып чыгууну көздөөдө. Бишкек шаардык кеңешинин мурунку депутаты Салиев АКШдан сатып алып, узак аралыкка учууга ылайыктап Францияда жасатып жаткан учагын Бишкекке алып келгени жөнөп кетти. 10-июлда Токмок шаарындагы аэродромдон учуп чыгууну пландаган учкуч 50 күндүн ичинде дүйнөнүн 27 өлкөсүндө болууга камданып жатат. Бул аракетин учкуч Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгына арнамакчы. Мындай иш кыргыз тарыхында буга чейин болгон эмес. Учкуч көптөн берки кыялын ишке ашыруу менен бирге кыргыз өлкөсүн дүйнө жүзүнө даңазалап келмекчи.