Дыйкандарга берилчү насыянын үстөк пайызын 7 пайызга түшүрүү сунушу комитеттен колдоо тапкан жок

Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде 21-июнда жеңилдетилген насыя берүү аркылуу айыл чарба тармагын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору каралды.

Демилгечилердин бири депутат Бактыбек Райымкуловдун айтымында, азыркы шарттарда айыл чарба тармагынын жеңилдетилген насыяларга болгон муктаждыгы жогору, ошондуктан жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыялоонун натыйжалуу механизмин түзүү зарыл. “Азык-түлүк тармагынын ишин жакшыртуу боюнча мамлекеттик колдоо чаралары өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарына дайыма эле шайкеш келе бербейт. Мындай кырдаал айыл чарбасынын өнүгүшүнө тоскоолдук кылууда”, - дейт депутат.

Демилгечилер айыл чарбасы үчүн жеңилдетилген насыялардын төмөн пайыздык чегин белгилөө айыл чарба продукциясынын көлөмүн көбөйтүүгө, өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга түрткү берерин айтышты. Дыйкандарга берилген насыяны 7 пайызга чейин төмөндөтүү сунушу киргизилип, бир катар депутаттар буга каршылыгын билдиришти. Алар каржылык кризис маалында мындай кадам тобокелчилик экенин айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы колдоо тапкан жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан