Киров суу сактагычынан чыккан сууну өз нугуна буруу иштери аткарылууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-20-июнь күндөрү Талас облусунун Манас районундагы Киров суу сактагычынан суунун көп чыгышына байланыштуу Үч-Коргон айылынын түндүк жагындагы Талас дарыясынын жээгин суу жеп, жайыттарды суу каптаган. Учурда 20 адам, 1 экскаватор, 4 КамАЗ тартылып, Талас дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө жана суунун нугун буруу үчүн бетон плиталар коюлууда.