Оштогу Ак-Буура дарыясына 2 өспүрүм бала чөгүп кетип, биринин жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылды

Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясына агып кеткен 2 баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 21-июнь күнү саат 16:31 чамасында Ак-Буура дарыясына 10 жана 13 жаштагы эки бала агып кеткен. 13 жашар баланын жансыз денесин туугандары кыргыз-өзбек чек арасындагы торчодон таап чыгышкан. Ал эми 10 жашар баланын жансыз денеси Өзбекстандын аймагынан табылганына байланыштуу алып чыгуу иштери бүгүн жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-06-22 11:52:57
Эх, Кудай сактасын . Сууга аккандар көп болуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан