Түркиянын Стамбул шаарындагы мейманканалардын биринде кыргыз өлкөсүнүн жараны бир аялды мууздап салганын түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Алардын маалыматына караганда, окуя 21-июнь күнү саат 15:00 чамасында Тиатро көчөсүндөгү “Malabadi Beyazit” мейманканасында болгон. Анда эки кишилик номерди бир күнгө ижарага алышкан кыргыз жараны Рушамзан Тургунов менен өзбек жараны Гүлчахра Макхамаджанованын ортосунда уруш чыккан. Номерден чыккан кыйкырыктан улам барышкан күзөт кызматкерлери Гүлчахра Макхамаджанованын мууздалганын көрүшкөн. Окуя болгон жерге полиция келген учурда Рушамзан Тургунов өзүн бычак менен сайып жиберген. Учурда экөө тең ооруканага жеткирилди. Полиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүрүүдө.