Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард метр кубдан ашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын июнь айында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болгону 9 миллиард 488 миллион метр кубду түзгөн. Быйыл суунун көлөмү былтыркыга салыштырмалуу дээрлик 3,5 миллиард метр кубга көп.
Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 22-июнга карата 2014-жылы 10 миллиард 185 миллион метр куб, 2013-жылы болсо 13 миллиард 038 миллион метр кубду түзгөн.