Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун сот аткаруучусу Ш.Ж. аттуу жаран пара алгандыгы үчүн айыпталып, кармалды. Аны текшерүү убагында жанынан 3700 сом табылган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Маалым болгондой, баласына алимент жаздыртып алууга тийиштүү документтерди толтуруп берүү үчүн кайрылган жергиликтүү тургундан сот аткаруучу 100 доллар сураган. Бирок ал жаран 1000 сом гана бергенин айтып милицияга кайрылган. Бул окуя боюнча Ош облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду.