Ысык-Ата районунда уюшкан кылмыштуу топтун эки өкүлү кармалды

Ысык-Ата районунда уюшкан кылмыштуу топтун эки өкүлү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июнда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-июнь күнү милиция кызматкерлерине Ысык-Ата районунун 27 жаштагы А.Ш. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал Алмаз жана Рысбек аттуу эки адам коркутуп 300 миң сом талап кылып жатканын айткан. Бул факт боюнча "опузалап талап кылуу" жана "тоноо" беренелери менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы И.Р. кармалган. Алар уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү катары ИИМдин каттоосунда болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан