Депутаттар учурда аскерде "дедовщина" бар же жок экенин сурашты

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында депутаттар Коргоо маселелери боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилеринен кыргыз армиясынын учурдагы абалы тууралуу сурашты.

Депутат Жанар Акаевдин айтымында, армияда аскер кызматкерлерин басмырлоо аракеттери орун алууда. "Айрым үй-бүлөлөрдө жалгыз баласы аскерге кетип, жансыз денеси келген учурлар бар. Жетекчилик буга көңүл буруш керек. Ай сайын массалык маалымат каражаттарында "армияда аскер кызматкери сабалды, токмоктолду, өлдү" деген маанидеги кабарлар чыгууда. Армияда тартип бар, силерди угушат. Басмырлоо аракеттерине тыюу салып койгонго мүмкүнчүлүк бар. Армияда аскер кызматкери каза тапса, аскер жетекчиси отставкага кетиш керек", - деп кайрылды аскер жетекчилерине Акаев.

Депутат Бакирдин Субанбеков кыргыз армиясында "дедовщина" бар же жок экенин сурады. Аталган комитеттин Аскер башкармалыгынын жергиликтүү органдар боюнча башкы башкармалыгынын башчысы Руслан Абдрахманов "армия - бул коомдун жүзү" деп жооп берди. "Армияга калктын ар кандай катмарларынан балдар келишет. Коомдо болгон жакшы жана терс көрүнүштөр армияда да болуп турат", - деди Абдрахманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан