Азия чемпиондугунда кыргызстандык шахматчы Айжан Алымбай кызы 14-орунда келе жатат

20 жашка чейинки улан кыздар арасында өтүп жаткан шахмат боюнча Азия чемпиондугунун 7-айлампасы аягына чыкты. Бул беттеште кыргызстандык шахматчылардын арасынан Алымбай кызы Айжан непалдык шахматчы Алхикари Асмитаны жеңди. Жыйынтыгында мекендешибиз 4 упай топтоп, 14-орунга илинди. Айта кетсек, чемпиондук 9 айлампадан туруп, 7-апрель күнү жыйынтыкталат. Мелдеш Бириккен Араб Эмиратынын Шардже шаарында орун алып, ага 70 жаш шахматчы катышууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан