Жогорку Кеңеш өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарын сырттан каржылоону чектөө демилгесин жактырды

Өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарын чет өлкөдөн каржылоону чектөөгө багытталган мыйзам долбоору парламенттин 22-июнундагы жыйынында талкууланды. Долбоорго 79 депутат "макул", 30 депутат "каршы" деп добуш берди. Жыйынтыгында демилге 1-окууда жактырылды.

Айта кетсек, аталган мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын, жарандыгы жок адамдардын ММКдагы үлүшүнүн 35 пайызынан ашыгына ээлик кылуусуна тыюу салуу каралууда.

"Телеканалдардын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш. Ал эми гезиттер менен радиолорго “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө мыйзамга оңдоолордун эч кандай тийиштиги болбойт", - деп түшүндүргөн демилгечилердин бири депутат Кожобек Рыспаев.

Анын айтымында, бардык өлкөлөр өз медиа мейкиндигин коргойт. "Кыргыз мамлекети маалымат технологияларынын жардамы менен террорчул акцияларды сынай турган “кирип-чыкма короо” же "жайдак аянтча" болууга тийиш эмес. Керек болсо АКШда да чет өлкөлүк жарандарга телеканалдардын 25 пайызына гана ээлик кылууга уруксат берилген. Францияда болсо 20 пайыз.

Баарыбыз маалыматтын күчү тууралуу айтып келатабыз. Маалымат согуштары тууралуу айтып келатабыз. Мыйзам долбоорунда телекөрсөтүү тууралуу гана сөз болуп жатат, анткени ал азыр эң таасирдүү күч. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, телекөрсөтүүнүн таасир этүү үлүшү азыр да бийик болуп, 90 пайыздан ашат. Биздин долбоор бир гана улуттук кызыкчылыктарды коргоого багытталган. Террорчулардын колунан эмне иш келерин, аларды колдогон түзүмдөрдүн канчалык бай экенин баарыбыз көрүп жатабыз. Бир эмес, бир канча телеканалдарды сатып алуу аларга кыйын эмес", - деген Рыспаев.

Депутат Жанар Акаев бул демилгеге каршы чыккан. "Бизде чет өлкөлүк "Евроньюс", "Россия" жана бир топ телеканалдар көрсөтүлөт. Бул каналдарды чектей аласызбы? Бүгүнкү күндө жарандар смартфондор, планшеттер аркылуу телеканалдарды көрө алышат. Заманбап жабдууларды колдонууга тыюу салганы жатасызбы?" - деп кайрылган демилгечиге Акаев.

Депутат Наталья Никитенконун айтымында, демократиянын негизги принциби - бул сөз эркиндиги. "Демилгечилер бул мыйзам долбоору мамлекеттин коопсуздугун коргош үчүн керек деп айтып жатышат. Бирок "Өлкөбүздү кимдерден коргоп жатабыз?" деген суроо пайда болуп жатат. Биз демократия жолун тандаганбыз. Бул жолдон тайбашыбыз керек. Аталган долбоордун максаты - массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүнө кийлигишүү", - деген Никитенко.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан