КҮНСЕРЕП: 79 депутат сөз эркиндигин тизгиндөөгө "макул" деп добуш берди

Бүгүн, 22-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен Данияр Сыдыков Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды. Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери бул кызмат орду бош турган. Сыдыков көп жылдан бери эл аралык мамилелер тармагында иштеп келе жатат. Ал Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын 23-24-июнь күндөрү Ташкент шаарында өтүүчү саммитинин алдында дайындалды. Коңшулаш жайгашкан өлкөлөрдүн арасынан Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен мамилеси начар. Жаңы дайындалган элчиге бул мамилени курчутпай, жок дегенде ошол деңгээлде кармап турууга туура келет. 2016-жылдын март айында Өзбекстандын чек арачылары Аксы-Ала-Бука райондорун байланыштырган жолду тосуп чуу чыккан маалда журналисттер президент Алмазбек Атамбаевден коңшулардын мындай аракетинен кийин ШКУ саммитине катышуу үчүн Ташкентке барар-барбасын сурашкан. Атамбаев чек арадагы кырдаал чечилбесе, коңшулардын мыйзамсыз аракеттери улана берсе, саммитке катышуудан баш тартарын айткан эле. Чек арада бир жумадан ашык сакталган курч абал чечилип, өзбек чек арачылары жолго коюлган блокпостту алышкан. Эми өлкө башчысы аталган саммитке катышары белгилүү болду.

Бул арада өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманова Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитине арнап ыр жаздырып, коомчулукка жарыялады. Ырдын текстинде ШКУга мүчө башка өлкөлөр менен катар “кыргызым” деген саптар кездешет. Бул ырчыны кыргыз эли 2010-жылдагы Июнь окуясынан кийин жакшы тааныйт. Ошол каргашалуу окуяга кыргыздарды айыптап ырдап чыгып көпчүлүктүн кыжырын келтирген. Бүгүн ал кыргызды даңктап ырдоодо. Усманованын бул ырын айрымдар чоң сахнага кайтып келүү үчүн аракет деп баалашууда. “Фергана ньюс” жазгандай, Өзбекстанда бул ырчынын чыгармачылыгына 2005-жылы тыюу салынган. Ошондон бери анын чоң сахнага чыгуусуна уруксат жок, ырлары өзбек телеканалдары жана радиолорунун эфиринен берилбейт...

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен мурунку башкы прокурор, учурда депутат Аида Салянованын тиреши коомчулуктун көңүлүн бурду. Салянова жакында социалдык тармактагы баракчасына башкы прокурор кезинде чиновниктерге кылмыш иштерин ачуу менен өзүнө көп душман арттырып алганын жазып чыккан: “Мен башкы прокурорлуктан кеткенден кийин “бизге каршы иштебесин” деген жаман ойдо мени кылтакка илип койгулары келишти. Өзүмдөн кынтык таба албагандан кийин туугандарыма, үй-бүлөмө чабуул башталды. Эч бир тиешеси жок агамды кыздын өлүмүнө жабыштырышты. Кечээ мага агам телефон чалып, ошол өлүм фактысы боюнча тергөөчү кайра чакырып жатканын айтты. Мен башкы прокурор болуп турганда азыркы ички иштер министрине кылмыш иши козголду эле. Балким, бул ошонун кесепетидир”.

ИИМ жетекчиси Жунушалиев бул билдирүү боюнча комментарий бере элек. 2014-жылдын 10-мартында 19 жаштагы студент Камила Дүйшөбаева дайынсыз жоголуп, бир аптадан кийин анын жансыз денеси Байтик айылынын четинен табылган. Адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши ачылып, анын алкагында Аида Салянованын агасы Калый Салянов тергөө органдары тарабынан суракка алынган. Камила Дүйшөбаеванын атасы Эшмамбет Дүйшөбаев ММКларга: “Бул иш боюнча көрсөтмө бергендердин арасында башкы прокурор Аида Салянованын аталаш тууганы Калый Салянов менен “Мекен шейиттери” уюмунун жактоочусу Осунбек Жамансариев жүрөт. Менимче, бул экөө дос болсо керек. Ошол Калый деген адам менен кызым тааныш болгондуктан, 9-марттын түнүндө жеткирген экен. Мен кызымдын өлүмүнө Калый Салянов күнөөлүү деп айта албайм. Бирок тергөөдө башка бир шектүү адамдар боюнча жыйынтык жок”, - деп маалымат берген.

2015-жылдын январында Ички иштер министрлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө Калый Саляновдун тиешеси жок экени аныкталганын билдирген. “Тергөө амалдарынын алкагында жүздөгөн адамдар суракка алынып, күбөлөр көрсөтмө беришти. Аталган кылмышка тиешеси бар жарандар табыла элек”, - деген министрлик. Ал эми учурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 2012-жылы Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок “мыйзамсыз лицензия берген” деп айыпталган Жунушалиев Жогорку Сот тарабынан акталган. Андан кийин Жунушалиевдин карьерасы тездик менен өнүгүп, ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеп жүрүп, 2016-жылдын май айында ички иштер министри кызматына дайындалды. ИИМдин башчысы алмашары менен Камила Дүйшөбаеванын өлүмүнө тийиштүү маселе кайра козголду. Салянованын агасынын кайрадан суракка чакырылышы – Мелис Турганбаевдин тушунда көз жаздымда калган жагдайларга көңүл бурула баштаганыбы же депутат айткандай өч алуу аракетиби? Коомчулукка жеке тирешүү, өч алуулар эмес, баарынан мурун кылмыштын бетинин ачылышы жана күнөөлүүлөрдүн жазаланышы, жарандардын өзүн коопсуз сезүүсү керек...

Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту 2010-жылкы 7-Апрель окуясы боюнча сот жообуна тартылган жарандарга мунапыс берүү чечимин 27-июнда карайт. Белгилей кетсек, 2016-жылдын 23-майында Аскер соту аталган окуя боюнча соттолгон Нурлан Турсункулов, Алмазбек Жолдошалиев, Каныбек Жороев, Эльмурза Сатыбалдиев, Мурат Суталинов, Нурлан Темирбаев жана Данияр Дунгановго карата мунапыс кабыл алган. Алар эркиндикке чыгышы керек эле. Прокуратура кызмат учурунда кылмыш кылгандарга мунапыс берилбей турганын, Аскер сотунун бул чечимине макул эместигин билдирип Жогорку Сотко кайрылган. Өзгөн шаарында 17-июнда Эльмурза Сатыбалдиевдин жердештери митингге чыгышып, мунапыс жөнүндө сот чечимин аткарууну, Сатыбалдиевди абактан чыгарууну талап кылышты.

Коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жылга эркинен ажыратылган Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеев да мунапыска илинип май айынын башында боштондукка чыкты. Анын эркиндикке чыгышына тоскоолдук болгону байкалган жок. Түлеев айыпталган “автобус сатып алуу иштери” да ал Бишкектин мэри болуп турганда жасалган. Башкача айтканда, кызмат учурунда кылмыш кылгандарга мунапыс берилбеши керек эле. Көрүнүп тургандай, мунапыс мыйзамы соттолгондорго карата бирдей колдонулбай, кош стандарттуулук дале сакталууда.

Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окууда колдоо тапты. Мындай болушу мүмкүндүгүн SUPER.KG порталы өткөн аптада "Күнсерепте" билдирген эле. Сөз эркиндигин тизгиндөөгө 79 депутат “макул”, 30 депутат “каршы” деп добуш берди. Демилгечи депутаттардын бири Кожобек Рыспаев өлкөдөгү маалымат каражаттарын ачып иштетүүдө сырттан алынган каражаттын үлүшү 35 пайыздан (алгач 20 пайыз деп сунушталган) ашпасын деген чек коюлуп жатканын, мындай чектөө телеканалдарга гана тийиштүү болорун айтты. Талкууда депутаттар Жанар Акаев менен Алмамбет Шыкмаматов мыйзам долбоорун жыйынга киргизүүгө чейин коомдук пикир эске алынбай калганын айтышып, долбоорду күн тартибинен алып салууну талап кылышты.

Долбоор парламенттин 16-июндагы жыйынынын күн тартибине киргизилип, бирок демилгечилер документтин толуктачу жерлери бар экенин айтып маселени кароону артка жылдырышкан эле. Депутат Жанар Акаев толуктоолордон кийин мыйзам долбоору профилдик комитеттин кароосунан өтпөгөндүгүн белгилеп, жалпы жыйында кароону кийинки жумага жылдырууну сунуштады. Анын сунушу кабыл алынган жок.

“Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Наталья Никитенко демилгечилерге суроону Жанар Акаевден да тагыраак койду: “Коопсуздук тууралуу маселе көтөрүлгөндө бул сөздүн артында эмнени эске алабыз? Коопсуздук – бул чек арада тынчтык өкүм сүрүшү, жарандардын стабилдүүлүк боюнча көңүлү тынч болушу. Демилгечилер жарандарды коргоо максатында деп жатышат, кимдерден коргоп жатабыз аларды? ММКлар коопсуздукка коркунуч келтирүүчү кандай маалымат таратуусу мүмкүн? Балким, силер жарандарды мамлекеттик ММКлар берип жаткандан айырмалануучу маалыматтардан коргоону көздөп жатасыңар?.. Ошентип эле айтпайсыңарбы?” Эл өкүлүнүн пикири боюнча, бул мыйзам долбоору өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатын көздөбөйт...

Рыспаев демилге террорчулардын өлкөдөгү телеканалдарды сатып алып өз кызыкчылыгына пайдалануусуна жол бербөөнү көздөй турганын айтууда. Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында маалымат каражаттарын негиздөөгө мамлекеттик органдарга, юридикалык жактарга жана өлкөнүн атуулдарына гана укук берилет. ММК өкүлдөрүнүн, айрым депутаттардын каршылыгына карабай мыйзам долбоору күн тартибине киргизилип, 1-окуудан өттү. Бул окуя мыйзам долбоорун шашылыш кабыл алууга кызыкдар тараптар бар экенин айгинеледи...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан