Апасынан кем калбай тарбия берип "иштеген" Чыңгыз Мырзаев, Замир Арыкбаев, Эркин Мукашев (фото)

Баланын эң жакын адамы, албетте, анын энеси. Азыркы замандын тез агымында көпчүлүк аталар балдарына тиешелүү деңгээлде кам көрүп, убакыт бөлө алышпайт. Чынында, кээ бир аталар балдары үчүн жеткис каарман бойдон калышат. Аталардын негизги милдетине үй-бүлөнү камсыздап, каражат табуу эле эмес, баласына кам көрүү, тарбия берүү, тиешелүү деңгээлде убакыт бөлүү да кирет. Балдарына энелерден кем калбай камкордук кылган аталар бар экенин белгилей кетсек. Мыкты ата болуу оңой эмес, кээде жаздыктай жумшак болуу керек болсо, кээде темирдей катуу болууну талап кылат. Бирок ыгын тапкан атага мыкты болуу оңой. Мындай аталар балдары үчүн кыйынчылык менен оорчулукка карабай баарын жасашат жана ал үчүн эч нерсени талап кылышпайт. Алар үчүн ата болуу жөн гана бакыт.


Психологдордун айтымында, баланы тарбиялоодо атасынын ролу чоң. Ар бир ата-эне баласын же кызын бардык жактан ийгиликтүү көргүсү келет. Ошондой эле психологиялык изилдөөлөр боюнча, атасы баккан бала кайрымдуу, боорукер, акылы өнүккөн, өзүнө ишенген, ийгиликтүү инсан болот. Окумуштуулар ата-эне менен баланын чогуу өткөргөн убактысы биринчилердин билим деңгээлинен көз каранды экенин аныкташкан. Ата-эненин билими канчалык жогору, сапаттуу болсо, балдары менен ошончолук көп убакыт өткөрөт: үй тапшырмаларын аткарууга жардам беришет, бирге китеп окушат.

Ырчы Алихан жана кызы. Бала менен чогуу ойноо атага баласына жакын болууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бала менен ойноп гана тим болбой, тамашалуу сүрөттөргө түшүп, ата эле эмес, дос да болууну билүү керек.

Ырчы Эркин Мукашев жана уулу. Акылдуу аталар өз милдетине олуттуу көз карашта болушат. Ар бир күнү балдар менен ойноо, аларга тамак берүү, көйгөйлөрүн билүү - бала үчүн жашоосуна дем-күч берүүчү булак.

"Жекшемби... Уулуна шишкебек жасоонун үй-бүлөлүк ыкмасын үйрөтүү - ар бир атанын ыйык милдети", - дейт Эркин Мукашев.

Аталар бала багуучу эмес, алар биринчи кезекте баласы үчүн күйгөн, баласы үчүн баарына даяр болгон эң жакын адам.
Клипмейкер Эрнист Сыдыков, уулу Умар. Ата уулу үчүн - стилист. Уулуна кандай кийим жагарын аталардан өтүп мыкты билгендер болбосо керек, себеби алар да бир кезде кимдир бирөөнүн кичинекей эрке уулу болушкан.

"Алтын кызым экөөбүз 8-Мартка карата апасына өз колубуздан белек даярдап жатабыз" деген эле ырчы Съездбек Искеналиев. Ата менен кызынын жылуу мамилесинен өткөн жүрөк элжиретчү нерсе жок. Эркек адам жаратылышынан күчтүү болуп, эмоциясын билдире бербегени менен, кызынын жанында сүйүнүчү койнуна батпай, ага болгон сүйүүсүн жашырбайт.

"Менин алтын кызым. Аман болушуңду күндөп-түндөп тилеймин", - дейт ырчы. Албетте, аталар кызынын бактысын гана тилебестен, ар дайым көмөктөшүп келишет. Ал эми кызы үчүн ата - идеал. Психологдордун айтымында, кыздардын көпчүлүгү болочоктогу жолдошун атасына окшоштуруп тандашат.

Кызынын чоңоюп жатканын четте карап турбаган аталардын арасына Замир Арыкбаев да кирет. Жакшы көргөн ата, бактылуу кыз. Лондондогу университеттердин бириндеги окумуштуулар XXI кылымдын аталары балдарына бир күндө 35 мүнөт бөлүшөрүн айтышты. Алардын айтымында, 40 жыл мурун бул көрсөткүч 7 эсе аз болчу. Бирок өлкөбүздө бул убакыт кыйла жогору экени баарыбызга белгилүү.

"Кызым экөөбүз сыртка кеттик" деген ата кызы менен ишке киришүүгө камданып жаткан учуру. Аталар, балдарыңарга силерге жардам берүүгө уруксат бергиле. Балдарыңар үчүн өзүн алдуу, күчтүү, керектүү сезиши өтө маанилүү.

Режиссёр, продюсер Сүйүн Откеев кызы менен. Бардык ата кызынын ар дайым күлүп жүрүшүн каалайт. "Күлкү - өмүрдүн мүлкү" дегендей, баланын бир күлкүсү жагымдуу маанай тартуулап, жашоону кубанычка бөлөйт эмеспи.

Өз кезегинде ата мээримин көргөн кыз атасына сууну да, жаман сөз да тийгизбегенге болгон күчүн жумшап, үлгүлүү кыздардан болууга аракеттенет.

Ырчы KG Эльмурат жана кызы. Жогоруда жазылгандай, кызынын жылмаюусу эле канчалаган аталарды бакытка бөлөйт. Түрдүү маселелер курчап, чарчап турган ата үчүн балдарынын жылмаюусу эң жагымдуу сыйлык, белек, кандайдыр бир деңгээлде атанын жетишкен чоң ийгилиги.

Уул-кыздары менен эс алган ата үлгүлүү эле болбостон, бактылуу да болот. Баласын колуна көп алган атага балдары өмүр бою жакын келишерин, атанын сөзүн уккан, ага окшош болгусу келген балдар чоңоёрун психолог Грейс Крайг тастыктаган. Андыктан "балам тил албайт" деген ата-энелер айыпты уул-кыздарына койбогону оң.

Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев жана кызы. Аталар үчүн балдар ар дайым бала бойдон калышат. Канча жашка чыкпасын, балдар атанын жүрөгүндө, оюнда, көзүндө кичинекей бойдон болуп, анын жардамына муктаждай көрүнө бергендиктен, алаканга салып баккылары бар. Тилекке каршы, ар бир бала чоңойгон сайын өз алдынча болуп, эркиндикти самай баштайт. Ошол маалда ата-эне менен бала бири-бирин түшүнүүгө аракет кылуусу зарыл.

"Эне балага үйдө жашоону үйрөтсө, ата балага дүйнөгө чыгууну үйрөтөт" деп айтылып келет. Ата балдарын, өзгөчө уулдарын үй-бүлөлүк жашоого даярдоосу керек. Атадан бөлөк эч ким эркек баланы кыздарга кылчу мамилеге, мырзалардын жумушун аткарууга: үй-бүлөгө камкордук кылуу, үйдү оңдоп-түзөө, эң жөнөкөй аспаптарды колдонууга үйрөтө албайт. Өзүнүн кылган иштери менен ынтымактуу үй-бүлө курууну, чыр-чатактын алдын алууну, аталык милдеттерди аткарууну үйрөтөт. Эч качан унутпаңыз, үй-бүлөлүк жашоого толук кандуу даярдык толук кандуу үй-бүлөдө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Artyr1994
2016-07-06 13:41:26
Сонун го.
+3
Nurkyz1977
2016-07-06 13:58:27
Эн сонун бактылуу балалык ар пенденин бири бирине болгон мээрими чексиз болсун ата энеге балдарынын бактылуу жашоосун коруп доолотуу карылык берсин.
+3
Usow
2016-07-06 15:27:35
Абдан жакшыго
+2
Arti
2016-07-06 16:35:51
Аллахым ар бир педеге бала жытын буюрсун!!!
+1
aikol87
2016-07-06 17:20:24
Менинда кыздарым ата мээримине зар болбой, бактылуу балалыкта чоноюшун каалайм.
+2
Federica
2016-07-06 23:35:49
Менин Кызым папасынын копиясы Папасы жанындай жакшы коргондуктон озуле багып коет. 1 жарым жашка чыгып кылыктарына тойбой турган чагыбыз :) Ар бир эле наристе Ата энесинин мандайында чоноюшун Кудайдан тилейм. Акыркы учурда турмуштун ачуу таттуусуна чыдабай эки жолго тушкон тугойлор жок эмес. ортодо балдарга эле кыйын болуп калат.. Терен ойлонуп турмушка чыккыла токтолуп жаман жакшыны айырмалай билгенде!
0
Aselya_9105
2016-07-08 01:49:55
Көз тийбесин бактыларына. Орусча айтканда өтө эле "трогательный" макала болуптур. Мен ата мээримин көрбөй чоңойгом. Ошондуктан бул сезимди анча жкашы билбейм, бирок жүрөгүм менен аябай самайм.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан