Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүү коркунучу бар

2016-жылдын 23-июнунан 24-июнуна чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-июндан 24-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 2016-жылдын 20-июнунда жана 22-июнунда министрлик тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar.
2016-06-23 09:58:17
Кудай сактасын эми. Чынында эле кату жаады, мондур аралаш жаап жиберди.
+2
shadyeva
2018-03-23 02:19:07
2016 - жылы дейби
0
shadyeva
2018-03-23 02:19:32
Тушунбодум
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан