Лейлек райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2013-2016-жылдар аралыгында социалдык коргоого муктаж эмес адамдарга жасалма документтер аркылуу жөлөк пул чегерип келишкен. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген. Учурда бул факт боюнча “кызматтык жасалмачылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Баткен облустук прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө.