Орусияда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну пландаган “РусГидро” компаниясынын мурдагы жетекчиси Евгений Дод алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, 2013-жылы Евгений Додго жана “РусГидронун” топ-менеджерлерине чоң суммадагы сый акы мыйзамсыз чегерилген. “РусГидронун” уставына ылайык, эгерде ишкана жылды чоң суммадагы пайда менен бүтүрсө гана сый акы берилиш керек эле. Бирок 2013-жылы Загорский ГАЭС-2нин курулушундагы авария ишканага чоң суммадагы чыгымдарды алып келген.
Айта кетсек, “РусГидро” 2012-жылы Кыргыз Республикасында Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууну пландаган. 2013-жылы курулуш иштери башталган болчу. Бирок үстүбүздөгү жылдын башында Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскаддарын куруу жөнүндөгү келишимди жокко чыгарган.