Ысык-Ата районунда 57 жаштагы аялды сабап, денесине оор залал келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 57 жаштагы Ивановка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал аталган айылдагы базарда белгисиз адам эч себепсиз сабап, денесине оор залал келтиргенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 37 жаштагы У.Р. кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.