Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик кызматкерлерди майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:
“Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Эгемендүүлүктүн 25 жылынын ичинде өлкөбүздө мамлекеттик саясатты туура түшүнгөн жана аны турмушка ашырууга жөндөмдүү мамлекеттик кызматкерлердин мууну өсүп чыкты.
Мамлекеттик кызматкерлердин иштин натыйжасы үчүн жоопкерчилиги өтө жогору, анткени өлкөбүздүн бакубатчылыгы алардын өз милдеттерин сапаттуу, билгичтик менен аткаруусуна байланыштуу болот.
Мамлекеттик кызматтарда элибиздин татыктуу өкүлдөрү – адамгерчиликтүү, адептүү, чынчыл, өз ишин мыкты билген, мыйзамдарды сыйлаган жана аларды так аткарган, адамдардын көйгөйүн жүрөгү менен терең сезе билген жана аларга жардам берүүгө даяр инсандар иштеши керек.
Тилекке каршы, кийинки жылдары мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы акырындап оңоло баштаганына карабастан, жарандар тарабынан алардын адеп-ахлагына жана моралдык-этикалык сапаттарына карата олуттуу дооматтар айтылууда. Мамлекеттик кызмат - элге кызмат кылуу, муну унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат. Жарандарыбыз мамлекеттик кызматкерден эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезип, адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасап, оор басырыктуу жана жупуну болууну талап кылышууда. Бул адилеттүү доомат.
Ошондуктан алдыбызда мамлекеттик кызматкерлердин ишмердигинин жогорку натыйжалуулугун, алардын кесипкөйлүгүн арттырып, моралдык-этикалык сапаттарын жакшыртууга багытталган кадрлар менен иштөөнүн жаңы системин турмушка ашыруу боюнча көп күчтү жана аракетти талап кылган иштер күтүп турат.
Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Азыр ар бириңиздерде жаңы, демократиялык жана бакубат өлкөнү курууга белсене катышуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Сиздердин ар бириңиздерге элибиздин болочогу, өлкөбүздүн тагдыры үчүн опол тоодой зор жоопкерчилик жүктөлгөн.
Дагы бир жолу баарыңыздарды кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана эмгектеги албан ийгиликтерди каалайм!
Сүйүктүү жерибизде ар дайым биримдик жана тынчтык болуп, өлкөбүз гүлдөп-өнүксүн!"