“Курманбек Бакиевди өлкөдөн мен чыгарып жибергем жана бул кылганым үчүн жооп берүүгө даярмын”,- деп билдирди экс-президент Роза Отунбаева бүгүн, 5-апрелде өтүп жаткан конференцияда. Аталган конференция
“Аксы окуясы, 2005-жылдын Март, 2010-жылдын Апрель революциясынын сабактары” деген аталышта өтүүдө. “Азыр баары эле "Бакиевди ким чыгарып жиберсе, жооп берсин" деп айтып жатышат. Мен мындай чечим кабыл алганым үчүн жооп берем. Ошол убакта биз тараптан ыкчам иш-аракетти талап кылган кооптуу абал жаралгандыктан мен ушундай чечим кабыл алгам. Апрель революциясы маалында ушул күнгө чейинки маселе болуп келген түндүк-түштүк идеологиялык маселеси турган, кан төгүлгөн. Ошол маалда мага Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Дмитрий Медведев, АКШнын президенти Барак Обама телефон чалышып, Бакиевди тез арада өлкөдөн чыгарып жиберүү маанилүү болуп турганын айтышкан. Бул элди тынчтандырып, өлкөгө тартип орнотуу үчүн зарыл болгон. Мен бул жоопкерчиликти өзүмө алууну чечкем”,- деди Роза Отунбаева.