Казакстандын Алматы облусундагы жол кырсыгынан 4 кыргыз жараны каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн, 23-июнда эртең менен саат 07:00 чамасында Алматы-Астана унаа жолунун 385-чакырымында болгон. Анда Мерседес Вито үлгүсүндөгү кичи автобус менен Сетра үлгүсүндөгү автобус сүзүшкөн. Кичи автобустун ичинде кыргыз жарандары болгон. Экөө ошол жерден каза тапса, экөө ооруканадан көз жумган. Дагы төрт адам ооруканага жеткирилген.