Бүгүн, 23-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Орусиянын Аскер-деңиз флоту жакында суу алдында жүрүүчү жаңы торпеда менен толукталат. “Футляр” аталышындагы бул курал Ысык-Көлдө мамлекеттик сыноодон өткөрүлмөкчү. Курал сыноодон ийгиликтүү өтсө, 2017-жылдан баштап аны заводдон массалык түрдө чыгаруу башталат. Орусиялык маалымат булактары “Футляр” буга чейин колдонулуп келген “Физик” торпедасынын жакшыртылган үлгүсү экенин жазышты. Жаңы куралдын узундугу 7,2 метр болсо, салмагы 2 тонна 200 килограммды түзүп, 50 чакырым аралыкка чейинки суу астындагы кемелерди кыйратуучу күчкө ээ.
Жаңы торпедасын Орусия деңиздерде эмес, Ысык-Көлдөн сынаганы жатат. Кубаттуу снарядды текшерип көрүүгө эмне үчүн кыргыздын көзгө басар жалгыз көлү тандалганы түшүнүксүз.
Ысык-Көл - кыргыз туризминин чордону, сырттан келгендер кыргыз жеринин табияты менен туристтик мүмкүнчүлүгүн Ысык-Көл аркылуу таанып билишет. Снарядды сынап көрүү канча убакытка созулары белгисиз, бирок муну уккан туристтер Ысык-Көлдө эс алуу планын өзгөртүшү толук мүмкүн. Анткени саякаттоодо коопсуздук маселеси биринчи орунда, жарылуучу зат менен бирге сууга түшүүнү ким кааласын. 2014-жылы “Кумтөр” маселесине байланыштуу Жети-Өгүздө митингге чыккандарды өкмөт “жайкы сезондо тополоң кылып, туристтердин баарын качырдыңар” деп күнөөлөдү эле. Улуттук коопсуздук үчүн деп массалык маалымат каражаттарына чектөө киргизүүгө шашылган депутаттар бул иш боюнча үн ката элек...
Парламентте бүгүн Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын жаңы мүчөлөрү шайланды. Президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн ыйгарым укуктарына ылайык, комиссия мүчөлүгүнө Алмаз Асаналиев, Гүлнара Баатырова, Бахтияр Кадыров жана Нуржан Шайлдабекованы сунуштаса, коалициялык көпчүлүк Акылбек Бешимов, Гүлнара Журабаева, Назарали Арипов жана Адилет Сатыгуловду көрсөттү. Ал эми оппозициялык фракциялар Атыр Абдрахматова, Елена Жылкычиева, Абдыжапар Бекматов жана Кайрат Осмоналиевди сунуш кылышты. Сунушталгандардын баары парламенттен жетиштүү добуш алышты.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку курамынын 3 мүчөсү: Гүлнара Журабаева, Алмаз Асаналиев жана Гүлнара Баатырова кайра шайланды. Асаналиев менен Баатырова көпчүлүккө анча таанымал эмес болсо, Гүлнара Журабаева парламенттин 6-чакырылышында орун алган мандат чырына карата позициясынан улам белгилүү. Тагыраагы, 2015-жылкы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен парламентке өткөн Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеваны фракция лидери Канат Исаевдин арызы менен мандаттан ажыратуу маселеси БШК жыйынында каралганда комиссия мүчөлөрүнүн ичинен Журабаева каршылыгын ачык билдирип чыккан. Бул маселе БШК жыйынынын күн тартибине күтүүсүз киргизилгенин, депутаттардын мандаттан баш тартуу боюнча арызынын түп нускасы БШКнын айрым мүчөлөрүнө көрсөтүлбөгөнүн айтып чыккан. Бирок көпчүлүк добуш менен депутаттарды мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынган.
“Ата Мекен” фракциясынын квотасы менен БШК мүчөсү болгон Гүлнара Журабаева “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Жыргалбек Саматовдун мандаттан ажыратылышы да мыйзамсыз экенин ачык билдирген. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов менен тирешкен Саматов соттон утуп чыгып, учурда депутат болуп парламентте отурат. Бул окуялар Журабаеванын жеке позицияга ээ, фракциялардын биринин квотасы менен кызматта отурганына карабай өз алдынча чечим чыгарууга эрки жетерин көрсөттү. Мындан тышкары ал журналисттердин суроолорунан да качпайт. Балким, ушундай артыкчылыктары үчүн “Ата Мекен” аны бул кызматта калтырууну туура көргөндүр...
Жаңы шайланган БШК мүчөлөрүнүн дагы бири Атыр Абдрахматова 2015-жылдын декабрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына ат салышкан. Парламент фракциялары тарабынан көрсөтүлгөн 8 талапкердин ичинен Гүлгакы Мамасалиева (“Ата Мекен”) менен Атыр Абдрахматова (“Республика-Ата Журт”) экинчи турга өтүп, ал турда Мамасалиева 27, Абдрахматова 34 добуш алып калган. Үчүнчү турда Атыр Абдрахматовага 69 депутат “каршы” добуш берип, жыйынтыгында акыйкатчылыкка КСДПнын талапкери Кубат Оторбаев шайланып кеткен. БШК – шайлоолорду өткөрүүнүн негизги күчү. Парламенттеги бардык фракциялардын жана президенттин элегинен өткөндөр кызматка шайланышты. Эми алардын арасынан комиссия төрагасы шайланат. Ошентип, Кыргыз Республикасында келерки президенттик шайлоого даярдык башталды.
Массалык маалымат каражаттарында, интернеттеги социалдык тармактарда талкууланып жаткан окуялар өлкө башчысына жетип, учурунда реакция жасала баштады. Жума күндөгү түшкү тыныгууга бир саат кошуу идеясынан келип чыккан талкуу президентке чейин жетип, өлкө башчысы Конституциянын гаранты катары өз милдетин аткарган эле. Жарандык коомдогу талкууга ажо кайрадан көңүл бурду. Бул ирет президент Алмазбек Атамбаевдин көңүлүн кыргыз чиновниктеринин кол алдындагыларга кол чатыр көтөртүп коюу жоругу бурду. Өлкө башчысы бүгүн мамлекеттик кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө буларды белгиледи: “Соңку жылдары мамлекеттик кызматтын кадыр-баркы оңоло баштаганына карабай жарандар тарабынан алардын адеп-ахлагына жана моралдык-этикалык сапаттарына олуттуу сындар айтылууда. Мамлекеттик кызмат элге кызмат кылуу экенин унутуп койгон айрым жогорку кызматтагы чиновниктердин “бай-манаптык” кылык-жоруктары жана текебердиги коомубузда терс бааланып жатат. Жарандарыбыз мамлекеттик кызматкерден эл алдындагы өз жоопкерчилигин терең сезип, адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасап, оор басырыктуу жана жупуну болууну талап кылышууда. Бул адилеттүү доомат”.
Кол чатырды бирөөгө көтөртүп күн нурунан же жамгырдан коргонгон чиновниктер темасы 2016-жылдын 27-майында старт алды. Чүй облусунун 90 жылдык мааракесинде Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловго бирөө кол чатыр кармап, аны жамгырдан коргоп турган сүрөтү социалдык тармакка тараган. Анын бул жоругу коомчулукта катуу сынга кабылды. Айтылган сындар аны жамгырда суу болгондон эселеп ыңгайсыз абалга кептеди... Мындан кийин эле Ош облусунун башчысы Таалай Сарыбашевдин, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин бирөөгө кол чатыр көтөртүп коюп отурган сүрөттөрү жарыяланып, алар да “ур-тепкиде” калышты. Кол чатыр көтөртүү адаты кыргыз чиновниктеринде жаңы пайда болгон көрүнүш эмес. Буга чейин Камила Талиева өкмөт мүчөсү кезиндеги Нарында эл менен жолугушуудагы дал ушундай сүрөтү талкууга түшкөн. Ансыз да көпчүлүктүн колдоосун таппай турган Талиева бул окуядан кийин ого бетер жек көрүндү болгон. Атамбаевдин кайрылуусунда айтылган сөздөр мамлекеттик кызматтагы текебер мүнөздүүлөрдүн кулагына күмүш сырга болду.