Бүгүн, 23-июнда Фрунзе менен Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги 12 кабаттуу имараттын чатырындагы өрттү өчүрүү үчүн 7 өрт өчүрүүчү бөлүм иштеп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Кечки саат 20:35те "101" өрт өчүрүү кызматына Панфилов көчөсү-190 дареги боюнча 12 кабаттуу имараттын чатыры өрттөнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүү үчүн 7 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылды", - дешти ӨКМнын басма сөз кызматынан.
Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, өрт 1000 чарчы метрди каптады.