Сооронбай Жээнбеков Баткен облусундагы республикалык маанидеги жол тилкелеринин курулушу менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 23-июнда Баткен облусундагы иш сапарынын алкагында республикалык маанидеги жол тилкелеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Сооронбай Жээнбеков Лейлек районундагы Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык, Чорго-Миң-Булак-Ак-Сай, Ак-Сай-Рават, Кулунду-Максат жолдорун кыдырды. Өкмөт башчы аталган жол тилкелеринин курулушунун жүрүшүн канааттандырарлык деп белгиледи. Ал аткарылып жаткан иштердин сапатына басым жасап, курулушту белгиленген мөөнөттө аяктоо тапшырмасын берди.

"Бул жолдордун курулушу өлкөнүн транспорттук көз карандысыздыгын камсыздайт", - деп белгиледи премьер-министр. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, курулушту каржылоо маселесинде көйгөйлөр жок. Иш графикке ылайык жүргүзүлүүдө жана өз мөөнөтүндө бүткөрүлөт. Сапар алкагында өкмөт башчы Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы жана аймакка инвестицияларды тартуу жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат менен да таанышты.

Премьер-министрди өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министринин милдетин аткаруучу Турдуназир Бекбоев, КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов, КРнын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жана өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым өкүлү Жеңиш Раззаков коштоп жүрдү. Бүгүн, 24-июнда Сооронбай Жээнбеков Көк-Талаа-Пүлгөн унаа жолунун ачылыш салтанатына катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан