Алай районунда унаасы менен дарыяга түшүп кеткен айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 22-июнь күнү саат 20:31 чамасында аталган райондун Кызыл-Кыштоо тилкесиндеги Бүлөлү дарыясына Ауди үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Унаанын эшиги ачылбай калгандыктан, 1973-жылы туулган айдоочу каза тапкан. 23-июнда маркумдун жансыз денеси туугандарына өткөрүлүп берилди.