Ошто Араван-Ак-Буура каналына чөгүп кеткен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-июнь күнү саат 19:50 чамасында Араван-Ак-Буура каналына 6 жаштагы бала чөгүп кеткен. Ошол эле күнү аны издөөгө 15 куткаруучу тартылып, бүгүн эртең менен 6 жаштагы баланын жансыз денеси табылган. Учурда анын денеси Ош шаардык милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.