Аксы районунда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө

Аксы районунда селден улам келтирилген чыгымдар эсептелүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 22-июндан 23-июнга караган түнү аталган райондун аймагында катуу жаан жаап, сел жүргөн. Анын кесепетинен Кара-Суу, Кашка-Суу айыл аймактарындагы ички чарбалык жолдорду, суу түтүктөрүн сел алып кеткен. Ошондой эле турак жайларды, алма бактарды суу каптаган. Учурда Аксы райондук жарандык коргонуу комиссиясы келтирилген чыгымды тактоо иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан