"Элдик революцияга 3 жыл" аттуу сүрөт көргөзмө ачылат

Бүгүн, 5-апрелде борбор шаардагы М.Фрунзе атындагы музейде 7-апрель окуясына арналган “Элдик революцияга 3 жыл” аттуу сүрөт көргөзмө ачылат. Бул тууралуу музейдин кызматкери Гулира Нурбаева билдирди. Айтымында, көргөзмөгө 70тей сүрөт, 20дай гезит материалдары жана башка материалдар коюлат. Иш-чара Апрель революциясынын катышуучулары, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү, Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиясы институтунун студенттери жана №57-орто мектептин окуучуларынын катышуусу менен ачылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан