Бүгүн, 24-июнь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Бишкек шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры күйүп кетти. 23-июнь күнү кечинде Фрунзе-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Панфилов” турак жай комплексинен өрт чыгып, бир нече сааттан кийин өчүрүлдү. Кырсык адам өмүрүнө залал келтирген жок. Толук курулуп бүтө элек имараттагы батирлерде жашап жаткандар болгон, аларды өрт учурунда сыртка чыгарып кетишти. Өлкөдө өрт өчүрүүчүлөрдүн шатысы 9-кабатка чейин гана жетерин, андан бийигин өчүрүүгө мүмкүнчүлүк жок экенин 2014-жылы жарандык активист Калича Өмүралиева айтып чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, учурда Өрт өчүрүү кызматында 50 метрлик 2 шаты бар. 2009-жылы сатылып алынган бул шатылар менен 15-кабатка чейин жетүүгө болору айтылды.
Кырсыктын келип чыгуу себебин иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү, өрттүн себеби расмий маалымдала элек. Имаратта иштеп жаткан куруучулар өрт батирлердин биринде оңдоо иштери жүрүп жаткан маалда жарылуудан келип чыкканын айтышууда. Комплекс “Borsan Construction” курулуш компаниясына таандык. Имараттын курулушу башталганга чейин курулуш компаниясы мамлекеттик тийиштүү органдардан уруксат алып, үйдүн долбоорун экспертизадан өткөрөт. Курулуш иштери жүрүп жаткан маалда өрт коопсуздугу боюнча талаптардын сакталып же сакталбай жатканын өкмөттүк органдар текшериши керек. Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция бул турак жай курулуп жаткан маалда текшерүү болбогонун, анткени мыйзамдардын өзгөрүшүнө байланыштуу инспекциянын өрт коопсуздугун текшерүүгө укугу жоктугун маалымдады. Мекеменин өрт коопсуздугу боюнча бөлүмүнүн башчысы Таалай Өмүрзаков: “2014-жылы өрт коопсуздугу жөнүндө техникалык регламентке өзгөртүү киргизилип, курулуш жүрүп жаткан имараттагы өрт коопсуздугун текшерүү укугубуз чектелген. Жакында президент өрт коопсуздугун камсыздоо боюнча башка мыйзамга кол коюп, курулуп жаткан имараттардагы өрт коопсуздугун текшерүү укугу кайра берилди. Бул мыйзам 27-июнда күчүнө кирет”, - деди.
Өмүрзаковдун айтымында, 2014-жылга чейин курулуп жаткан имараттардын өрт коопсуздугун аталган инспекция текшерип келген. Мыйзамга өзгөртүү киргенден кийин өрт коопсуздугу боюнча негизги жоопкерчилик Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана курулушка уруксат берип, долбоорду экспертизадан өткөргөн мекемелерге жүктөлгөн. Өрт кимдин шалаакылыгынан келип чыкканын азырынча так айтуу кыйын. Текшерүү жоктугунан курулуш компаниялары өрт коопсуздугун камсыз кылуудагы тийиштүү талаптарды сактабай иштеп жатышы да толук мүмкүн.
Инспекциянын функциясын чектеген “Өрт коопсуздугу жөнүндө техникалык регламент” тууралуу мыйзамды Жогорку Кеңеш 2014-жылдын 21-майында кабыл алган. Демилгечилер өрткө техникалык көзөмөл кылуу милдети Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясында болгондуктан, техникалык регламент толук иштебей жатканын айтып, өзгөртүү киргизилген эле. Ал регламент эми деле иштебей жатканы көрүнүүдө. 2016-жылдын февраль айында Бишкектин Кулатов-Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры толугу менен күйүп кетсе, ушул эле жылы 10-июнда Көк-Жар конушунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн чатыры күйгөн. Ошентип, Бишкекте баасы асман чапчыган “элитный” үйлөр курулуп бүтө элек жатып өрттөнүүдө. Өрттөр өчүрүлүүдө, аны менен кошо жарандардын заманбап үйлөрдүн коопсуздугуна болгон ишеними да өчүүдө.
Имараттан чыккан өрттүн чуусу басылбай жатканда Ак үйдүн алдына нааразычылык акциясына чыккан Б.М. аттуу жаран өзүн өзү өрттөөгө аракет кылды. Ал парламент депутаты Абдыкапар Султановго нааразычылык билдирүүдө. Айтымында, анын аялы депутат Султановдун жакындарына караштуу компанияда иштеп, ишканадагы каржылык мыйзам бузууларга айыпталып камакка алынган. Нааразычылык акциясына чыккан жаран депутат тергөө ишине басым көрсөтүп жатканын айтууда. Өзүн өрттөмөкчү болгон адамды милиция кызматкерлери алып кетишти. Өзүн өзү өрттөө аракети 2012-жылдын ноябрында Бишкектин Горький сейил багында да болгон. Банктагы насыяларын төлөй албай калгандар митингге чыгышып, өз өмүрлөрүнө кол салышкан. Өзүн өзү өрттөө аракетинен 8 адам жабыркап, үчөөсү ооруканага жеткирилген. Адилеттик издөөнүн эң акыркы чарасы катары колдонулган мындай кейиштүү иштердин кыргыз өлкөсүндө улам кайталанып жатышы жарандардын укук коргоо, сот органдарына ишеними дале аздыгын айгинелейт.
Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун 15-саммити өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин жана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов катышты. Лидерлер аймактык коопсуздук, уюмга Пакистан менен Индияны кошуу маселелерин талкуулашты. Саммит алкагында Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримов жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек алакасындагы маанилүү маселелерди талкуулашты. Өлкөлөр ортосундагы экономикалык алаканы арттыруу жана саясий диалогду жандандыруу зарылдыгын белгилешти. Кыргыз коомчулугу кыргыз-өзбек президенттеринен чек ара маселесин талкуулоону күтүп жатышат. Эки өлкө башчысы сүйлөшүп чече турган көйгөй көп. Такталбаган чек ара тилкелери, маал-маалы менен кайталанып турган конфликттер, эки өлкөгө жарандардын каттоосунун чектелиши... Үстүбүздөгү жылдын март айында Аксы аймагында болгон чек ара чатагынан кийин өлкө президенттери биринчи жолу маңдай-тескей отуруп сүйлөшүү жүргүзүштү. Бул ортодогу көйгөйдү ачык талкуулоого шарт түзгөн жакшы аянтча. Социалдык тармактарда Атамбаевди Ташкент аэропортунан Өзбекстандын премьер-министри жогорку деңгээлде тосуп алганын, Каримов жакшы маанайда жолугушуу уюштурганын айтышып, өлкө башчынын коңшу өлкөдөгү сапарынын жемиштүү болоруна ишеним арткандар көбөйдү.
Саммиттин өзүнө келсек... Президент Алмазбек Атамбаев ШКУ аймагында жана дүйнөдө кырдаал курч бойдон калып жатканын белгилеп, “Ислам мамлекети” тобунун аракетин мисал кылды: “Жарандарыбызды террордук уюмдарга тартып, аларды үгүттөө менен кандуу кагылышуу болуп жаткан аймактарга жөнөтүп жаткандары бизди тынчсыздандырат. Бул аракеттерди террордук согушчан топторду даярдоо эле эмес, экстремизм идеологиясын жайылтуу катары баалап, ага системдүү түрдө каршы туруу керек деп эсептейм”. Уюмга тийиштүү маселелер боюнча да пикирин айтты. Жыйынтыгында кесиптештерин 2016-жылдын сентябрында Ысык-Көлдө өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына чакырды.
“Кыргыз циркинин артисттерин кырылып кала электе сактап калгыла!” Ушундай чакырык менен Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери маалымат жыйын өткөрүп, кайрылуу жасашты. Алар мекеменин директору Курмангазы Исанаев менен иштеше албай жатышканын, директор сын айткан кызматкерлерин иштен алууга өткөнүн айтышты. “Циркти 12 жылдан бери жетектеп келе жаткан Исанаев - ишкер. Цирктин өнүгүү планы жок, имарат 1976-жылдан бери бир да жолу капиталдык оңдоодон өтө элек. Имараттын тегерегинде балык багылып, капуста, сарымсак өстүрүлүп элге уят болдук”, - дешти алар.
Быйыл жазында Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл аймагында адам өлтүрүп, өмүр бою эркинен ажыратылгандар үчүн жаңы түрмө ишке берилген. Ал мекемеде кылмышкерлер үчүн мектеп, ооруканаларда жок мыкты шарттар түзүлгөн. Цирк – маданий борбор. Маданиятка, бала бакча, мектептердеги билим берүүгө жетиштүү көңүл бурбаган коом ушинтип кылмышкерлерге шарт түзүүгө акча жумшоого аргасыз болот...