4-апрелде Токмок шаарында унаа уурдоо кылмышына шектүү 29 жаштагы К.Д. аттуу жаран кармалды. Маалым болгондой, унаанын ээси М.Д. аттуу жаран 31-мартта БМВ үлгүсүндөгү унаасынын уурдалганын айтып, Токмок ШИИБине арыз менен кайрылган. Бул окуя боюнча кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага карата кылмыш иши козголгону айтылды.