Баткен. Оор жүк ташуучу 16 унаа кармалып, андан ары кете албай турушат

3-апрель күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пүлгөн айылында 16 оор жүк ташуучу унаа күйүүчү май алып бара жаткан жеринен кармалды. Бул окуя тууралуу Кадамжай РИИБинин башчысынын орун басары Дүйшөбай Ниязкулов төмөнкүлөрдү билдирди.

      "Кармалган унаалар ташып бара жаткан жүктүн салмагы талапка жооп бербегендиги үчүн аларды “Айырбас” чек ара күзөтүнүн жанындагы Көк-Талаа Пүлгөн айланма жолунун башына алып келип койдук. Бул жүк ташуучу унаалардын салмагы 40-41 тоннаны түзөт. Мындай салмактагы унааларды биздин жаңыдан төшөлгөн жолдор көтөрө албай бузулууда. Айдоочулар "артка кайтып барып, жүктүн салмагын азайтып келгиле" деген сөзүбүздү укпай жатышат".

-    

      Ал эми "артка кайтпайбыз" деп турган айдоочулардын да сөзүн угуп көрдүк. Атын атагысы келбеген айдоочулардын бири мындай дейт:

-     "Эгер унаалардын салмагы стандартка жооп бербесе, эмне үчүн бул унаалардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мамлекет тарабынан уруксат берилет? Башында эле "уруксат жок" деп коюшпайбы? Айдоочуларды эле кыйнап жатышат. Биз бул жерде 2 күндөн бери турабыз. Канча жүк жүктөөнү биз чечпейбиз, фирманын жетекчилери чечет. Биз жөн гана жалданып иштеген адамдарбыз, сүйлөшүлгөн жерге жүктү жеткирип берүү - биздин милдетибиз".

-      

      Башка айдоочулар да эки ара жолдо калганын айтышат. Ал эми тийиштүү органдын өкүлдөрү айдоочуларга уруксат берип өткөрүп жиберсе, бул көрүнүш кайра эле кайталана турганын баса белгилөөдө. 

-     Кошумчалай кетсек, 4-апрелде облустук администрация, Экономика кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы менен Кадамжай РИИБинин кызматкерлери айдоочулар менен жолугушуп, аларды артка кайтара албай коюшту. Унаа ээлери "урсаңар да, соксоңор да кетпейбиз" деп турушат.

       

      Аталган унаалар Марказ айыл өкмөтүнө караштуу айланма жол менен өтүшүп, жүктү Лейлек районунун аймагына жеткирүү үчүн бара жаткан. 

      

      Сүрөттө:

      1,2. Кармалган унаалар

      3. "Кетпейбиз" деп турушкан айдоочулар

      4. "Айырбас" текшерүү бекети

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан