Токтогул районунун атайын фондунун каражаты 70 миллион сомго чейин көбөйтүлүшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети 27-июнда “Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айыл аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндарды компенсациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун дароо үч окууда жактырды.

Сунушталган мыйзам долбоору менен Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндардын ордун толтуруу максатында түзүлгөн Токтогул районунун атайын фондунун каражатын 70 миллион сомго чейин көбөйтүү демилгеленүүдө. Буга чейин фонддун жылдык каражаты 43 миллион сом өлчөмүндө болгон.

Жыйында Токтогул районунун атайын фонду түзүлгөндөн бери чыр-чатактан арылбай келе жатканы, жергиликтүү тургундар анын ишине нааразы экени айтылды. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү Токтогул районунун акими менен атайын фонддун жетекчилигинин отчётун угуу чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан