Өлкөдө малга 40 миллион сомдук эн белги (бирка) сатып алуу мерчемделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, малды идентификациялоо менен өлкөдө этти чет өлкөлөргө, ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоого жол ачылат.
"Тендер жарыяладык. Учурда жеңүүчүлөрдү тактап жатабыз. Каттоо иши сентябрда башталат. 40 миллион сомго 750 миң эн белги (бирка) алууну мерчемдеп жатабыз", - деди басма сөз кызматы.
Учурда мал каттоо боюнча пилоттук долбоор Кара-Буура, Ноокат жана Ысык-Ата райондорунда ишке ашып жатат.