Ноокенде дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Данакан табылды

Ноокен районунда дайынсыз жоголгон Данакан Назарова табылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокен районунун Сакалды айылынын 2001-жылы туулган тургуну Данакан Назарова 2016-жылдын 18-июнунда саат 18:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

"Иликтөө иштеринин алкагында жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилди. Ал Жалал-Абад шаарында досторунун үйүндө бир жума бою конок болуп жүргөн. Ата-энеси менен пикир келишпестиктер болгон эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
gulkar
2016-06-27 15:01:48
Тобоо...Баарын издетип коюп,ушундай конокту биринчи угушум.
+5
Komrad
2016-06-27 17:56:55
gulkar, мен экинчи жолу угушум, былтыр бишкекте тунгучтан колго 2 кыз коноктоп кетип калышкан, бутундой кыргызстанды издетип..
+1
Shaa-82
2016-06-27 16:04:31
Эси жок кыз десе.
+4
nurchik05
2016-06-27 16:38:53
Жаш эле туруп жумалап коноктосо кийин кантет
+2
mirsapar
2016-06-27 18:28:26
ата энени сыйлоо кекетигин унуткан го ойлонбоду бекен.
+2
mirsapar
2016-06-27 18:32:56
mirsapar, катачылык кетти Керектигин деген соз менен окулушун эскертем кечирип койгула суперчилер
0
mirsapar
2016-06-27 18:29:15
ата энени сыйлоо керектигин унуткан го ойлонуп конокко кетпейт беле
0
mirsapar
2016-06-27 18:31:15
18:28:26 дагы (кекетигиндеген соз) керектигин деп окулат
0
z0lyshk0
2016-06-27 22:05:16
mirsapar,тушундук,кыжаалат болбонуз
+1
Miregya
2016-06-28 02:12:50
телефону жок бекен званок кылып айтып койбойбу ?
0
Kroxa
2016-06-28 08:51:24
Конок койдон жоош болуп журо берген го жопжоош болуп:-):-):-):-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан