Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков Эл аралык валюта фондунун жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия департаментинин миссия башчысы Кристиан Беддис менен жолугушту. Жолугушууга аталган фонддун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Коба Гвенетадзе да катышты. Кристиан Беддис миссиянын азыркы максаты, кеңейтилген насыялоо механизмдеринин алкагында 2013-жылдагы экономикалык программаларды ишке ашыруу боюнча КРнын Өкмөтүнүн өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди. Ал эми Жээнбеков Кыргызстанды 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында өлкөнүн экономикасын көтөрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен конкреттүү программаларды ишке ашыруу мөөнөттөрү так белгиленгенин билдирди. Ошондой эле жолугушууда акчаларды адалдоо, банк тармагын өнүктүрүү, бизнес чөйрөсүн жакшыртуу, өлкөдө ишкерликти өөрчүтүү жаатында дагы сөз болду.