SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Реалдуу дүйнө. Виртуалдуу дүйнө. Сизге кайсы жакта кызыктуураак?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Реалдуу дүйнөдө мага кызыктуу болсо, виртуалдуу да кызыктуу болот. Реалдууда кызыксыз болсо, виртуалдуунун мага бир грамм да кызыгы болбойт. Тагыраак айтканда, реалдуу дүйнө - бул менин жашоом, ал эми виртуалдуу - ал жашоомдун бир бөлүгү. Өтө маанилүү болбосо да, кандайдыр бир мааниге ээ болгон бөлүгү. Ух, оюмду айтам деп кыйналып кеттим. Мынча кыйнайсыңар адамды?"
"Реалдуу дүйнөдө кээ бир жерден ойлорум ичимде калып калса же ойлонууга жетишпей туура эмес сүйлөп алсам, виртуалдуу дүйнөдө баарын салмактап, шашпай ойлонуп жазууга убакыт бар".
"Мага виртуалдуу дүйнө кызыктуу, анткени реалдуу дүйнөдө эч кимим жок."
"Реалдуу жашоо реалдуу да баары бир. Кызыктын баары реалдуу жашоодо. Виртуалдууну дүйнө деп деле эсептебейм."
"Мага виртуалдуу дүйнөдө ар кимдин кыжырына тийген жагат".
"Виртуалдуу дүйнөдө чыны бар, жалганы бар. Бирок акыркы убакта виртуалдуу жашоодо да кызыктуураак боло баштады."
"Реалдуу жашоо кызык болуп турган чак. Эриккенде, ар кандай көйгөйлөрдөн баш ооруп чыкканда, маанай чөккөндө алаксып алганга виртуалдуу дүйнө жакшы.
"Реалдуу дүйнө кызык да, "миң уккандан бир көргөн артык" дейт эмеспи".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.