Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 27-июнда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шейла Гуолтнини кабыл алып, тараптар эки тараптуу кызматташтык жана парламенттер аралык байланыштарды талкуулашты.
"2010-жылдан кийин кыргыз парламентинин функциялары кеңейтилди жана күчөтүлдү, парламент өлкөдөгү эң ачык мамлекеттик орган болуп эсептелет. Биз 6 жылдык ишибиз менен сыймыктанабыз. Биринчи кезекте - таза жана ачык-айкын өткөрүлгөн шайлоолор. Жарандарыбыз менен дүйнөлүк коомчулук былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого жогорку баасын берди. Эми алдыдагы президенттик шайлоону таза өткөрүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшашыбыз керек", - деди төрага.
Турсунбеков АКШ менен парламенттер аралык байланышты бекемдөөгө кызыкдар экенин айтты.