Бүгүн, 5-апрелде Бишкек шаарындагы эски аянтта 7-апрель күнүнө карата ИИМ кызматкерлерин горнизондук бөлүштүрүү болуп өттү. Ага Ички иштер министри Абдулда Суранчиев, Бишкек мэри Иса Өмүркулов жана башка тийиштүү жетекчилер катышты. ИИМдин жалпы кызматкерлери аскердик оркестрдин коштоосунда катарга тизилишип, министр кызматкерлердин даярдыгына көз салды.