Эрдоган Су-24 учагынын атылышы боюнча Путинге кат жолдоп, кечирим сурады

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган орусиялык Су-24 учагын атып түшүрүү окуясы боюнча Орусия президенти Владимир Путинден кечирим сурады. Маалыматты бүгүн, 27-июнда Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песковго шилтеме берүү менен орусиялык ММКлар жазышты.

"Орусия президенти Түркиянын президенти Эрдогандын жиберген катын алды, анда түркиялык лидер орусиялык аскер учагынын атылып түшүрүлүшүнө байланыштуу кырдаалды жөнгө салууга кызыкдарлыгын билдирген. Түркия мамлекетинин башчысы өз катында каза тапкан орусиялык аскердин жакындарына көңүл айтарын билдирген жана кечирим сураган", - деп билдирди Песков.

Эрдогандын катында Орусия Түркия үчүн дос жана стратегиялык өнөктөш экенин, Түркия бийлиги ортодогу мамилени бузууну каалабай турганын айтат. "Бизде орусиялык учакты атайылап атып түшүрүү каалоосу болгон эмес", - деп белгилейт Түркия лидери.

Эске салсак, былтыр 24-ноябрда Түркия менен Сирия чектешкен аймактан орусиялык аскердик учак атылып түшүрүлгөн. Түркиялык тарап учак аба мейкиндигин бузганы үчүн атылганын билдирсе, Орусия андай болбогонун айтып, ошондон бери эки өлкөнүн мамилеси жакшы эмес. Орусия аталган окуя боюнча Түркиянын расмий кечирим сурашын жана мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүрүп берүүсүн, каза тапкан аскерге компенсация төлөп берүүсүн талап кылып келген эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан