Бүгүн, 5-апрелде Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Жогорку Кеңештин депутаттары, шоу-бизнес, ММК өкүлдөрүнүн жана Волейбол федерациясынын командалары ортосунда волейбол мелдеши өтүүдө. Биринчи оюнда Волейбол федерациясынын курама командасы менен ММК өкүлдөрүнүн командасы беттешип, 2:0 эсеби менен Волейбол федерациясы жеңүүчү болду. Кийинки оюнда ЖКнын депутаттары менен шоу-бизнес өкүлдөрү таймашты. Жыйынтыгында канчалык аракет кылбасын 2:0 эсебинде эл өкүлдөрү утулду.