Жогорку Кеңештин дагы бир комитети вице-премьер-министр кызмат ордуна Жеңиш Разаковдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 28-июнда премьер-министр тарабынан чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат ордуна сунуш кылынган Жеңиш Разаковдун талапкерлигин жактырды.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев Жеңиш Разаков буга чейин өкмөттүн чек ара маселелери курчуп турган Баткен облусундагы өкүлү болуп иштегенин, ал чек ара маселелерин чечүүгө түздөн-түз катышып келгенин, көйгөйлүү маселелерди жеринен жакшы билерин билдирди.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Абдывахап Нурбаев Жеңиш Разаковго чоң ишеним артылып жатканын белгилеп, комитет мүчөлөрүнүн атынан анын ишине ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, 2016-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башчыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан