Бүгүн, 28-июнда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында батирлерди мейманкана катары иштетүүгө тыюу салуу, саатына берилүүчү батирлерди көзөмөлдөө жана айып пул салуу укугун ички иштер органдарына берүү боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралды.
Анын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев аталган демилгеге каршы пикирин айтып, аны четке кагууну сунуштады. "Бүгүнкү күндө өлкөдө экономикалык абал жакшы эмес. Жарандарыбыз үй-бүлөлөрүн багыш үчүн ар кандай жолдор менен акча тапканга аракет жасашат. Эгер батирди мейманкана кылып иштетүүгө тыюу салсак, ижарага берген жарандар кирешесиз калышат. Ошондой эле тыюу салынганы менен, саатына берилүүчү мейманканалар иштей берет. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери көзүн жумуп, батир ээлеринен акча ала алышат", - деди Арапбаев.
Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мындай пикирге нааразы болду. "Тартиптүү адамдар өз үйлөрүндө тынч уйкудан жана эс алуудан ажырап, мейманканаларга келген адамдардын уятсыз аракеттерин, башка жосунсуз жоруктарын күн сайын угууга жана көрүүгө мажбур. Алардын мас абалындагы мушташтарын жана чыр-чатактарын көрүп жатышат. Саатына берилүүчү мейманканалардын болушу коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирет, анткени аларда сот адилеттигинен качып жүргөн криминалдык элементтер, өздөрүнүн кылмыштуу иш-аракеттерин пландаган террордук топтор оңой-олтоң жайгаша алышат", - деп жооп берди Рыспаев.
Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун жайкы каникулдан кийин кайра кароону чечишти.