Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 28-июнда Кыргыз Республикасына Кыргыз-беларусь өкмөт аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын 6-жыйынынын ишине катышуу үчүн келген Беларусь Республикасынын Айыл чарба жана азык-түлүк министри Леонид Заяц менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Беларусь Республикасынын ортосундагы айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси талкууланды. Ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү зарылдыгы белгиленди.
Беларусь тарап айыл чарба техникасын, ошондой эле айыл чарба продукциясын өндүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүүгө кызыкдарлыгын билдирди.
Мухаммедкалый Абылгазиев бул багытта тыгыз кызматташуу зарылдыгын белгилеп, өкмөт аралык комиссиянын аянтчасы аны иш жүзүнө ашыруунун бардык маселелерин тыкыр талкуулоо үчүн жакшы шарт түзөрүн билдирди.
Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу айыл чарба тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын белгиледи. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.