Чыныбай Турсунбеков Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Петер Шольцту кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 28-июнда Кыргыз Республикасындагы Германиянын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Петер Шольцту кабыл алды.

Жолугушууда тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана парламенттер аралык диалог маселелери талкууга алынып, эл аралык актуалдуу көйгөйлөр тууралуу пикир алмашышты.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы Турсунбеков эки өлкө ортосундагы жогорку деңгээлдеги кызматташууга канааттанганын айтканын билдирди. Төраганын айтымында, Кыргыз Республикасы Германияны Европадагы өтө маанилүү жана ишенимдүү өнөктөшү катары карайт. “Өлкөлөр ортосундагы карым-катнаш эки жактуу мамилени активдештирүүгө жана толуктоого шарт түзөт. 2012, 2015-жылдардагы президент Алмазбек Атамбаевдин Германияга болгон расмий иш сапарында Германиянын Кыргыз Республикасына болгон жылуу мамилеси билинди”, - деди ал.

Төрага Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгон жылдардан берки Германия тараптан келген жардамдарга ыраазычылыгын билдирип: “Экономикалык алакаларды жакшыртуу багытында иштешибиз керек. Биз Германиядан инвесторлорду күтөбүз жана келген ишкерлерге өлкөбүздө жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз”, - деп кошумчалай кетти.

Парламенттер аралык кызматташтыкка токтолгон төрага эки жактуу мамиледе парламенттер аралык байланыштар өзгөчө орунга ээ экенин белгиледи. “Парламентаризмди түзүүдө Германия бай тарыхка ээ жана сиздердин тажрыйба Кыргыз Республикасы үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн үлгү”, - деди төрага.

Кезегинде П.Шольц: “Түзүлгөн саясий диалогдор эки өлкөнүн тең кызыкчылыгына шай келет. Ошондой эле маданий-гуманитардык мамилелер да жогорку деңгээлде болууда, бирок биз сөзсүз түрдө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө күч жумшашыбыз керек. Биз Кыргыз Республикасы менен ачык диалог жүргүзүүгө даярбыз”, - деп кошумчалады.

Тараптар Германиянын жетекчилигинин Кыргыз Республикасындагы сапары тууралуу да сүйлөшүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан