Ташкентте "мамлекетке 600 миллиард сум зыян келтирген" деп айыпталып жаткан олигархтын аквапаркы өрттөндү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айрымдар аквапаркка атайын өрт коюлган деген ойдо. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Фозилтепа" ден соолукту чыңдоо борборунда өрт чыкканын ырастады.
Имараттын кышкы бассейни жайгашкан 800 чарчы метр аянты толугу менен күйүп кеткен. Учурда атайылап өрттөлгөн деген божомол териштирилүүдө. Тилсиз жоодон жабыркагандар болгон эмес.
Шаар тургунунун айтымында, аквапаркты жеке ишкер Дмитрий Лим аттуу жаран курган. "Хан сарайда кымбат баалуу буюмдар бар болчу. Аларды уурдап, анан атайылап өрттөп жиберишкен болушу мүмкүн", - дейт ал.
Буга чейин Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Лимди мамлекетке 600 миллиард сум зыян келтирген деп айыптаган. Маалыматтарга карганда, эл аралык издөөгө алынган ишкер азыр АКШда жашайт. Олигархтын Ташкентте бир нече дүң базарлары бар экени айтылат маалыматта.