8-апрель күнү Бишкекте футбол боюнча айымдар арасында республикалык мелдеш старт алат. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясы билдирди. Белгилүү болгондой, бул таймашка Баткен облусунан сырткары өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар келишип, жалпы 8 команда ат салышат. Оюн айлампа иретинде болуп, финалдык беттеш 12-апрелде өтмөкчү.