Чүй облусунун Ысык-Ата районунда, тактап айтканда, Бишкек-Торугарт унаа жолунун 47-чакырымында автокырсык болуп, бир адам каза тапты. Окуя 5-апрель күнү саат 18:45 чамасында болгондугу кабарланды. Мерседес үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, жол четиндеги тосмону сүзүп, унаа окуядан соң өрттөнүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр жана Токмок шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары унаанын ичинен 1954-жылы туулган Р.Шекеновдун күйгөн денесин алып чыгышып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.