Өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталып, анын күчү очогунда 6 баллга жетти

29-июнь күнү саат 14:08 чамасында өлкө аймагында кайрадан жер силкинди. Анын күчү очогунда 6 баллга жеткенин Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка таянсак, жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасы менен Тажикстандын чек арасында, Алай районундагы Нура айылынан 45 чакырым, Ош шаарынан 135 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Анын күчү Бор-Дөбө айылында 5 балл, Нура, Эркеч-Там, Икизяк, Кара-Киндик айылдарында 4 балл, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Чоң-Каракол, Кичи-Каракол, Сары-Могол, Сары-Таш, Ачык-Суу, Ак-Босого, Калык айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.

Аталган эле аймакта 29-июнь күнү саат 20:56 чамасында 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Анын күчү Нура айылында 2,5 баллга сезилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Durdana
2016-06-30 08:48:45
оо кудай пейилибизди ондогонго жардам бер бей ажал олумдон озун асыра журогубузго ыйман бер
+1
Bakyi
2016-06-30 09:18:50
Durdana,"бей ажал "дегенизден эсиме гимин келди
Биздин гиминдада "бей куттукту "деген ката жери
бар "бей куттукту дегени стабилсиздикти берекесиздикти деген мааниде айтылган
0
Bakyi
2016-06-30 09:13:00
Орозо айын эсен аман эле узатсак экен
КЫРСЫКСЫЗ
0
Кайрат
2016-06-30 09:49:13
Бор-дөбө кара-киндик деген айыл эмес да алар сарыташ айылын мал жайган жайыт жайлоолору. Кечээ бор-дөбөгө жайлоого чыккандар айтып келишти вулкан атылчудай болуп жер кызарып, жерден ысык келип жатат деп.
+2
samar82
2016-06-30 10:45:27
Кайрат, Жер алдынан кытайлар кен байлык изилдеп жататго
0
nargis
2016-06-30 15:45:20

Кайрат ошол чын бекен вулкан кыргыз тоолорунда жок деп окуган элек биз
0
admin_portal
2016-06-30 10:32:31
Durdana, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
toroeva9893
2016-06-30 14:00:32
Кудай сактасын...
0
nemo2016
2016-06-30 14:09:43
Титирегенди жакшы жака жооруп койгула
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан