Ошто тургундун унаасынан 2010-жылдын Июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал табылды

Ошто тургундун унаасынан 2010-жылдын Июнь окуясында жоголгон ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28-июнь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунда 28 жаштагы Ш.Г. аттуу Ош шаарынын тургуну башкарып бара жаткан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичин кароо учурунда Калашников автоматы ок-дарылары менен табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө ок атуучу курал 2010-жылдагы Июнь окуяларында жоголгону белгилүү болгон.

Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2016-06-30 10:17:24
Канчалаган адам о дуйно узады ушул куралдан!Кайгылуу...
0
salimbek87.kg
2016-06-30 10:34:48
Табылды деп эле карабастан ар бир уйду жана уналарды караш керек орган адамдары жоголгон куралдар коп болсо,эми баарыда эле бар деп айтыштан алысмын бирок издешсе дагы чыгат.Карабайсынарбы ишенип эле автоунага салып жургонун.Андай июнь окуяга окшогон окуя болбосун ылайым Аллахым озун сактай кор.
0
bond0202
2016-06-30 11:44:48
аты жонун толук жазса болбойбу?
+3
Tuke8686
2016-06-30 11:48:45
Озбек экен ошого жазбай атат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан