Кемин районунда Чүй дарыясына агып кеткен 2 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“29-июнь күнү саат 20:30 чамасында Чүй дарыясына 2014-жылы туулган баланын агып кеткени маалымдалган. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу барып издөө иштерин жүргүзгөн, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.